Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев “Азаттыктын” “Интернет эрөөлүндө” окурмандардын суроолоруна жооп берип жатып, өкмөт аталган кызмат сураган акчанын 30 пайызын берерин билдирди. Ушундан улам кызматкерлерди форма, күйүүчү май менен камсыздоодо маселелер чыгып жатат.
Башкы МАИчи бул тармакты реформалоого чоң суммадагы акча талап кылынаарын, эми кызматкерлерди кайрадан алуу үчүн сынак жүргүзүлөөрүн белгилеп, мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун тушунда берилет деген унаалардын бирин дагы алыша электигин кошумчалады. (EBM)