Бул тууралуу бүгүн “Азаттыктын” угармандары, окурмандары менен интернет аркылуу түз байланыш учурунда МАИ башчысы Талантбек Исаев билдирди:
- Азыр рулга спирт ичимдигин ичип олтурганы үчүн бир жарым-эки миң сом айып же алты айга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу каралган. Эми спирт ичимдигин ичип рулга отурганы үчүн 50 миң айып салуу сунушталууда. Бул балким кимдир бирөөнү таң калтырат же кубандырат.
Талантбек Исаев Административдик кодекстин жол эрежесине тиешелүү беренелеринде каралган айыппулдардын өлчөмүн жогорулатуу маселеси азыр Жогорку Кеңеште талкуу баскычында турат.
Административдик кодекстин жол эрежесине тиешелүү бөлүктөрү акыркы ирет быйыл август оюнда өзгөртүлгөн. (UE)