Бул тууралуу “Азаттыкка” облустагы акыйкатчынын өкүлү Алима Аманова билдирди. Анын айтымында, бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен шайлоо комиссиялары милдеттерин ойдогудай аткарбаганын түшүндүрөт. Шаардык шайлоо комиссиясы такталган-толукталган тизмелер бүгүн жөнөтүлүп жатканын кабарлады.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева жалпысынан 87 миңдей адам тизмеден өзүн тактаганын маалымдаган. Ага ылайык, 27 миңдей адам өзүн тизмеден таппай, атайын форма толтурду. Калгандары аты-жөнү сыяктуу жеке маалыматтарды тактады.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бардыгы болуп 2,5 миллиондой адам добуш берет. Буга чейинки президенттик шайлоодо тизмеге байланыштуу чыр чыккан эле. Добуш берүү күнү өзүн тизмеден таппай калгандар көп болгон.
Шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоо 25-ноябрда өтөт. (YA)