Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:00

Казакстанда оппозициячыл гезитке тыюу салынды


"Голос Республики” басылмасына тыюу салган чечимди Алматынын Медеу райондук соту чыгарды. Гезиттен билдиришкендей, эми басылманын нускалары камакка алынышы мүмкүн.

Мындай чечим казак прокурорлору өлкөдө иш жүргүзгөн маалымат каражаттары менен саясий уюмдардын кырктайын жабуу боюнча арыздарды сотко жолдогондон эртеси чыгып отурат.

“Голос Республики” басылмасы Казакстанда мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, Москвада басылып, анан Алматыга алынып келүнчү.

Газета өз эрки менен сүргүндө жүргөн казак саясатчысы Мухтар Аблязовду колдойт.

Казак прокуратурасы соттордон жабууну суранган “К+” телеканалы, “Стан ТВ” интернет порталы, “Республика», «Голос республики», «Взгляд» гезиттери Мухтар Абязовго тиешеси бар деп саналат. (UE)

XS
SM
MD
LG