Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Globe Spots Кыргызстанды 2013-жылдагы туристтик он өлкөнүн бири деп атады


Акыркы беш жылдан бери саякат жана туризм чөйрөсүндөгү жараяндарга байкоо салып, өз тыянактары менен бөлүшүп келаткан бул уюм интернет баракчасында Кыргызстанды 2013-жылы дүйнөдөгү саякатчылардын көңүл буруусуна арзый турган он өлкөнүн бирине кошту.

Globe Spots түзгөн тизмеде Кыргызстандан тышкары Португалия, Мозамбик, Панама, Армения, Руанда, Куба, Украина, Малави, Канада бар.

Globe Spots Кыргызстан дүйнөнүн 44 өлкөсүнүн жарандары үчүн виза режимин жойгонуна көңүл буруп, бул кадам аймактын "байыркы маданий жактарын сактаган" өлкөсүнө жетүүнү жеңилдеткенин белгилейт.

Туристтерди өлкө калкынын жарым көчмөн маданияти менен кооз жаратылышы күтөөрүн эске салат.

Globe Spots Кыргызстанды “рахаттануу үчүн кайда болсо барууга даярлар үчүн” жер катары мүнөздөгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG