Египеттин мамлекет башчысы М.Мурси Конституциялык декларацияга өзгөртүүлөрдү киргизди. Анын айрым бөлүктөрү кечээ түз эфирде сыналгыдан окулду. Анын негизги мааниси – “Президенттин жарлык-чечимдери жана мыйзамдары кайра кароого же талкууга жатпайт, акыркы чечим катары каралат”.
Документте айтылгандай, “эгерде улутка же анын биримдигине коркунуч туулса, анда президент ал коркунучтарга туруштук бериш үчүн мыйзам чегинде чечим чыгарууга укуктуу”. Президенттин ушул эле күнү чыгарган дагы бир чечиминин негизинде парламенттин жогорку палатасы азыр өлкөнүн Баш мыйзамын иштеп жаткан ассамблеяны тарката албайт.
МАГАТЭнин мурдагы башчысы, Египетте азыр оппозициянын лидери Мухаммед эл-Барадей президентти “өлкөдөгү бүт бийликти өзүнө топтоп алды” деп айыптап, “Мурси өзүн Египеттин жаңы фараону деп атады” деди.