Израил менен ХАМАС бир аптага созулган атышуусун токтотуу жөнүндө шаршембиде кечинде жарыялаган келишими иштеп жаткан өңдүү. Газадан түшкөн кабарларга караганда, жашоо акырындап кайра мурдагы калыбына келе баштады. Газада премьер-министр Исмаил Хания атышууларды токтотуу жөнүндө келишимди ХАМАСтын “жеңиши” деп атады.
Израилде өкмөт башчы Бенямин Нетаняху: "Биз азыркы тынчтык келишими бузулушу мүмкүн деп, андайга да толугу менен даяр турабыз. Азыркы операциябыз максатына жетти. Айрым жарандарыбыз мындан да катуу сокку урса болмок деп жатышат, аны билем. Ага да даярбыз, - деди. - Соңку операциядай эле кимге, качан, кантип чабуул коюуну тандайбыз. Бирок азырынча биз ушул атышууну токтотуу келишимине мүмкүнчулүк берели деп чечтик".
Келишим Египет тарабынан сунушталды, АКШ аны колдогон. Сегиз күндүк чабуулда Палестинада 160 жакын адам өлдү, алардын ичинде ондогон балдар да бар. Израилде болсо алты киши набыт болгону кабарланды.