Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:33

Мусулман өлкөлөрдүн лидерлери соода-сатыкты күчөтүүгө убада беришти

Кечээ Пакистанда өткөн саммитте мусулман дүйнөсүндө өнүгүп жаткан сегиз мамлекеттин лидерлери экономикалык кызматташтыкты күчөтүүнү макулдашты. Исламабаддагы саммитке Пакистан, Иран, Индонезия жана Нигериянын президенттери, Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган, Египет, Малайзия жана Бангладештин лидерлери келишкен.

Жыйынтыктоочу декларацияда алар ар тараптуу кызматташтык аркылуу өнүгүүнү максат кылышаарын, глобализациянын таасирин эсепке алуу зарылдыгын белгилешти.

D-8 уюму 1997-жылы Мусулман дүйнөсүндөгү өлкөлөр ичинде экономиканы өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Анын мүчө мамлекеттеринин калкынын жалпы саны бир миллиардга жетет.
XS
SM
MD
LG