Борбор Азиядагы энергетикалык айлампага байланыштуу Казакстан-Өзбекстан жана Кыргызстандын ортосундагы сүйлөшүү декабрга калды. “Улуттук электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, буга чейинки Ташкенде жана Астанадагы сүйлөшүүлөрдөн оң натыйжа чыккан эмес. Ошондуктан сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү этабы декабрга белгиленди, бирок кайда өтөөрү аныктала элек.
Борбор Азиядагы энергетикалык айлампадан чыгуу тууралуу оюн Казакстан буга чейин бир нече жолу билдирген. Астана мунун себебин Өзбекстан айлампадагы электр энергиясынан мыйзамсыз пайдаланып жатканына байлашууда. Казакстан энергетикалык айлампадан чыкса, Кыргызстандын түндүгүнүн көпчүлүк бөлүгү электр энергиясыз калат. (BkA)