Бул тууралуу “Азаттыкка” Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Наби Эшназаров билдирди. Анын айтымында, сентябрда “Жер казынасы жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алынганына байланыштуу буга чейин аукционго коюлуп, бирок айрым коомдук уюмдардын нааразылыгы менен үзгүлтүккө учурап, сатылбай калган кендер жаңы тартип менен кийинки жылдын башында кайрадан аукционго коюлат. Анда аталган кендерди иштетүүнү каалаган компаниялар кайрадан каттоодон өтүшү зарыл. Аукционго коюла турган 12 кендин ичинен Чаткалдагы Башкы-Терек алтын кени жана Жумгалдагы Акулак көмүр кени казууга, калгандары изилдөөгө берилет.
Ушул жылдын 28-августунда кендер боюнча өткөрүлүп жаткан аукцион жарандык коомдун айрым өкүлдөрү тарабынан үзгүлтүккө учураган. Алар түз эфирдеги аукционду токтотушкан болчу. 12 кен үчүн Түркия, Орусия, Польша жана Кытайдын 48 компаниясынан арыз түшкөн. (BkA)