“Ата Журт” жана “Республика” фракциялары түзгөн коалициялык азчылык апрел окуяларынан соңку талап-тоноочулукту иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгын талкуулап, аны парламент жыйынында кароого сунуштады. Бул тууралуу кабарлаган аталган комиссиянын төрагасы Курманбек Осмоновдун айтымында, комиссия ишинин жыйынтыгын чыгарып, корутундусун даярдаган. Бирок мындай корутундуга комиссиянын “Ата Мекен”, социал-демократтар фракцияларынын мүчөлөрү жана “Ар-намыс” фракциясынан кирген 1 мүчө кол коюудан баш тартып, парламентте каралбай жатат.
Осмонов эми азчылыктын сунушу менен комиссия корутундусу парламенттин кезектеги жыйынында каралышы керек экенин билдирүүдө.
№1 тергөө абагында камалып жаткандар апрелдеги талап-тоноочулукка “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Райкан Төлөгөнов жана Туратбек Мадылбековдун тиешеси бар деп көрсөтмө берген соң “Республика” фракциясынын демилгеси менен атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Ага ар бир фракциядан эки депутат мүчө болуп кирип, иликтей баштаган.
Өткөн аптада ИИМ тергөөнүн жыйынтыгында талоончулукка “Ата Мекендин” депутаттарынын тиешеси жок экени аныкталганын расмий түрдө жарыялады.