Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

Жогорку Кеңеш акыйкатчынын орду үчүн сынак жарыялады


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитеттен кабарлашты. Ага ылайык, азыркы акыйкатчы Турсунбек Акундун мөөнөтү келерки жылы 14-февралда соңуна чыгат. Конституция боюнча жаңы акыйкатчы мурункунун мөөнөтү бүткөнгө бир ай калганга чейин тандалып, шайланышы керек.

Мыйзам боюнча ар кандай саясий күчтөр, коомдук бирикмелер жана уюмдар талапкерлерин парламенттеги депутаттык фракцияга сунуштайт. Фракция алардын ичинен тандап алганын парламенттин кароосуна коюп, жабык добуш берүү менен тандалат. Бирок азыркы акыйкатчы Турсунбек Акун тандоонун мындай тартибин мыйзамсыз деп атап жатат. Анын “Азаттыкка” билдиришинче, тандоо мөөнөт аяктаганга бир ай калганда башталат жана талапкерлерди депутаттык фракция, президент, саясий партиялар жана коомдук уюмдар сунуштайт. (EBM)

XS
SM
MD
LG