Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди. Анын айтымында, дин жана улут аралык жаңжалды козутуу, диний экстремизм жана терроризм боюнча жалпысынан 110 адам соттолгон. Алардын ичинен диний экстремизм жана терроризм үчүн кесилген 79 адамды башкаларга кошпой өзүнчө кармоо маселеси чыгып жатат. Мындай зарылчылык алардын өздөрү менен чогуу отургандарды тынбай үгүттөп жатканынан келип чыкты.
Соттолгондордун басымдуу бөлүгүн "Хизб-ут Тахрир" партиясынын мүчөлөрү түзөт.
ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жалпысынан 1,5 миңдей адам диний экстремисттик-террористтик уюмдун мүчөсү катары каттоодо турат. Анын дээрлик 86 пайызын "Хизб-ут Тахрирге" киргендер түзөт.
Ушул жылдын он айында "Хизб-ут Тахрирге" байланыштуу 194 факт катталды. Жалпысынан 124 кылмыш иш козголуп, 171 киши кармалды. (EBM)