Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози 2007-жылдагы шайлоо кампаниясындагы мыйзамсыз каржылоо тууралуу Бордо сотунда жооп берди.
Ал таанымал L'Oreal косметикалык компаниясынын ээси Лилиан Бетанкурдан 150 миң евро алган деп шектелүүдө. Саркози сотто күбө катары гана сурак берүүдө, азырынча ага эч кандай айып тагыла элек. “Мен мыйзамга каршы келчү эч кандай кылмыш жасаган эмесмин”,- деди экс президент. Июль айында полиция анын үйүн жана кеңсесин тинтүүгө алган.