Медеу райондук соту оппозициялык маанайдагы “Республика үнү” гезитине тыюу салып, кечээ Москвадан келчү басылмасын толук нускасы камакка алынмак болгон. "Бирок гезиттин нускасы соттун чечиминен бир күн мурда жарыкка чыкканына байланыштуу камакка алынбай, окурмандардын колуна тийди", - деди басылманын адвокаты Сергей Уткин.
Бир аз күн мурда Алматы шаардык прокуратурасы президент Назарбаевдин режимин сындап келген каттоодон өтө элек “Алга” партиясын, Элдик кыймылды, “Республика” жана “Взгляд” гезиттерин, К+ телеканалын “экстремисттик” деп табууну соттон сураган. Эл аралык “Чекарасыз кабарчылар” уюму Казакстан бийлигине кайрылып, бийликтин эркин басылмаларды чектөө аракетине кабатырлануу билдирген.