Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:26

Египетте президент Мурсиге каршы демонстрациялар өтүүдө


Президент Мохаммед Мурсинин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө каршы акциялар Египеттин бир нече шаарларында өтүүдө. Өлкөдөгү экинчи чоң шаар саналган Александрияда демонстранттар “Мусулман агаиндер” кыймылы тарабынан түзүлгөн “Эркиндик жана акыйкаттык” партиясынын кеңсесин өрттөп жиберишти. Шаардык мечиттин жанында президентти колдогондор менен каршылаштары кагылыша кетти.

Порт-Саид шаарында жүздөгөн адамдар чогулуп, президентти жактаган партиянын кеңсесин ташбараңга алышты. Каирде өтүп жаткан митингге да оппозициянын миңдеген тарапкерлери келди.

Египет оппозициясынын лидерлери президент Мохаммед Мурсини “өзүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтип алды” деп айыптап, жарандарды бүгүн өлкөнүн бардык шаарларында аянттарга каршылык акциясына чыгууга үндөгөн. Оппозиция лидерлеринин бири, Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси Мохаммед Барадеи президент Мурсини “өзүн Египеттин жаңы фараону атап алды” деп айыптады.

Президенттин Конституциялык декларацияга киргизген өзгөртүүлөрүнө ылайык “Мамлекет башчысынын жарлык-чечимдери жана мыйзамдары кайра кароого же талкууга жатпайт, акыркы чечим катары каралып, керек болсо сот да өзгөртө албайт”. Мурси мындай чечимди кабыл алган себебин “революциялык жеңишти коргоо үчүн” деп айтты.

XS
SM
MD
LG