Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:18

ХАМАС Израилди жарашуу шарттарын бузду деп айыптады


Палестина өкмөтүнүн өкүлдөрү маалымдагандай, жума күнү Израил кайрадан Газа секторун аткылап, анда бир палестиналык набыт, 15тей адам жарадар болгон. Эми ХАМАС бул окуя тууралуу жарашуу жараянында ортомчулук кылган Египетке арызданаарын билдирди. Израил армиясы чек арада топтолгон үч жүздөй палестиналыкты таркатуу үчүн алгач асманга эскертүү иретинде ок атканын, топтолгондор ага да баш ийбегенде ок чыгарууга мажбур болушканын билдиришти.

Бүгүн Газа секторуна Орусиянын алты жүздөй жаранын алып чыгып кетүү үчүн 5 кеме барды.

Израил менен ХАМАС сегиз күнгө созулган атышуусун токтотуу жөнүндө келишим шаршембиде жарыяланып, күчүнө кирген. Кечээ бейшемби күнү Газада жашоо акырындап кайра мурдагы калыбына келе баштаганы кабарланган. Эми жарашуу келишими сакталабы, азыр белгисиз.

Атышууну токтотуу келишимин Египет сунуштап, АКШ аны колдоого алган. Сегиз күндүк чабуулда Палестинада 160 адам өлдү, алардын ичинде ондогон балдар да бар. Израилде болсо алты киши набыт болгону айтылган.

XS
SM
MD
LG