Шайлоо мыйзамына ылайык, добуш берүүгө бир күн калганда талапкерлердин үгүт иштери токтошу шарт. Ал эми көчөлөргө илинген үгүт баракчалары кала берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Баатырова билдирди.
Анын айтымында, ушул мүнөттөргө чейин үгүт мыйзамы бузулган жок.
Кыргызстандын жергиликтүү кеңештерине, тактап айтканда 25 шаар, 416 айылдык кеңешке шайлоо эртең, 25-ноябрда өтөт.
Ага партиялардан, шайлоочулар тобунан жана өзүн-өзү көрсөткөндөр болуп жалпысынан 23 437 талапкер ат салышууда. (МТо)