Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Парламент сойкулук маселесин 27-ноябрда карайт


Сойкулук менен алектенгендерди жазага тартуу боюнча ИИМдин демилгеси 27-ноябрда парламенттин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде каралат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комитеттин төрага орун басары Дастан Бекешов билдирди.

Депутат Бекешовдун оюнча, бул демилге ишке ашса, сойкулук менен алектенгендер көмүскөгө кирип, анын натыйжасы жыныстык оорулардын көбөйүшүнө алып келет. “Ошондой эле мында милиция кызматкерлери коррупциялык иш-аракеттерге барышы мүмкүн”, - дейт Бекешев.

ИИМдин демилгесине ылайык, сойкулук менен алектенген жаран кармалса, 1000 сомдон 2000 сомго чейин айып салынат. Эгер бир жылда эки жолу кармалса, 15 күнгө чейинки административдик камакка алуу каралган. (МТо)

XS
SM
MD
LG