Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Эрматов: Низаминин аялы кыпчак болгон


Бишкекте азербайжан акыны Низами Гянжевинин 870 жылдыгы белгиленет. Орто кылымда жашап өткөн улуу акын "Сырлар кенчи", "Хосров менен Ширин", "Лейли менен Межнун” ж.б. чыгармалары менен тарыхта калган.

Низами аялы жагынан кыргызга да тиешеси бар экени айтылып жүрөт. Азер акынынын ырларын өз кезегинде кыргыз акындары Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликов, Темиркул Үмөталиев которгон. Учурда алардын көчүн акын жана саясатчы Эгемберди Эрматов улап келатат.

Акын Эгемберди Эрматов чыгыштын улуу акыны жана ойчулу Низами Гянжевинин чыгармалары менен 70-жылдары таанышкан экен. Ал учурда Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтунда окуп жүргөн болот.

"Азаттык": Эгемберди мырза, Низаминин чыгармаларын которуп жүрөсүз. Анын чыгыш адабиятындагы ордун, өзгөчөлүгүн жакшы билсеңиз керек?

Эгемберди Эрматов: Чыгыш адабиятында Низами биринчи болуп, "Хамсэ" бешилтигин жазган. Ал бешилтик: “Сырдын кенчи”, “Лейли менен Межнун”, “Хосров менен Ширин”, “Жети сулуу” жана “Искендер-Намэ”. Булардын ичинен “Жети сулуу” дастанын котордум. Жылбай отуруп, беш жыл дегенде араң бүттүм. Союз таркап жаткан маал эле. Эл китеп эмес, нанга акча таппай карайлап турган. 17 жыл тартмадан чыкпай жатты. Качан гана балдарым жерден боорун көтөргөндө, жыйнак болуп жарык көрдү

"Азаттык": Эмне үчүн “Жети сулууну” котордуңуз? Бул дастан сизди эмнеси менен арбап алды?

Эгемберди Эрматов: Бүйүр кызыткан, окуганга жеңил дастан десем болот. Низами бул дастандын идеясын фарсы акыны Фирдоусинин “Шах-Намэсинен” алган. Анда Бахрам деген хан бар. “Жети сулууда” ал жети аял алат. Алар үчүн жети сарай курдурат. Жети сарайга жети планета пир болот. Хан жети күндө бирден сарайга түнөйт. Ал барган сайын аялдары бирден жакшы жомок айтып берет. Бул дастандын өзгөчөлүгү эмнеде? Дүйнөлүк адабиятта “Жети сулуу” улуттар ынтымагын, акыйкаттыкты, гумандуулукту даңаза кылганы менен өзгөчө орунга ээ.

"Азаттык": Баса, бир ырыңызда Низаминин аялы таластык кыпчактын кызы болгон деп жазылып жүрөт. Мындай маалыматты кайдан алгансыз?

Эгемберди Эрматов: Низами “Сырдын кенчин” жазып бүткөндө аны Дербент ханы Дара Музаффарр ад-Динге белек кылат. Дастан ханга ушундай таасир бериптир, акынды ыраазы кылууну ойлойт. Бирок ага тең келээр эч нерсе таппайт. Ошол маалда эсине жакында эле базардан сатып келген күң түшөт. Ал кыз он сегизге жаңы толгон Аппак эле. Таласка жоо тийгенде туткунга түшкөн экен. Ышкындай солкулдап турса, хандын сугу түшөт да.

Ыңгайлуу учурду күтүп жүрүптүр. Бирок “Сырдын кенчин” окугандан кийин көздү жуумп, Низамиге кармата берет. Мындай тартууну акын да күтпөптүр, оозунан кеби түшүп абдаарыйт. Аппактын чырайына туруштук бере албай, махабат чогун басат.

Низами күткөн эмес кандан көптү,
Алам деп ойлобогон периштедей,
Көздөрү жанып турган айчүрөктү.
Аппакты күң дебестен, күн деп айтты.

Низами күнгө үйлөнүп,
Күнүгө күн кучактап,
Күн менен бир төшөктө күйүп жатты,
Аппактын аппак мармар көкүрөгүн,
Кыпчактын туйлаган курч-дем илебин,
Шыбактын жыты сиңген от илебин
Алп акын сүйүп жатты...


Ал заманда ак сөөктөр күңгө үйлөнгөн эмес. Тыюу салынган. Бирок Низами ошол эрежени бузуп, Аппакка нике кыйдырган. Экөө 12 жыл бирге өмүр сүрөт. Мухаммед аттуу уулдуу болушат. 12 жылдан кийин Аппак ооруп, көз жумат. Низами күйүтүнө чыдабай, “Лейли менен Межнунду” жазат.

"Азаттык": Буга азербайжандар өздөрү эмне дейт болду экен? Аппактын кыргыз кызы экенин моюнга алышабы дегеним?

Эгемберди Эрматов: Бул эми изилденип чыккан факт. Бардыгы билет. Казактын акындары менен эле талашып жүрөм. Алар “сиз жаңылышасыз, Талас эмес, Тараз болсо керек” дешет. Бирок тарыхта Талас шаары деп жазылган. Муну азербайжандар деле моюнга алышат.

"Азаттык": Ушуга улай суроо бергим келет, Низаминин башка ырларынан кайын-журту тууралуу саптар кездешеби?

Эгемберди Эрматов: Низами “Искендер-Намэ” поэмасын өмүрүнүн акыркы жылдары жазган. Александр Македонский бүт ааламды басып жүрүп, төгөрөгү төп келген мамлекет издейт. Акыры аны кыргыздардан табат. Бардык маселени аксакалдар чечкен, каалгасына кулпу салынбаган, меймандос эл экен деп айтат. Низами чыгармасында ушуну баяндап жатат. Эң улуу чыгармасында кыргызды даңктап жатса, аялы Аппак эжебиз болсо, демек биз аны окушубуз керек да.

"Азаттык": Орто кылымдагы акындар падышага нааразы болсо, аны ыр аркылуу берген турбайбы? Низаминин өмүр жолунда да ошондой учурлар болгонбу?

Эгемберди Эрматов: Низами бийликке каршы чыккан эмес. 30 жашка чейин сүйүү ырларын жазып, лирик катары таанылган. Бирок ошол махабат ырлары да өзүнчө бир бунтарлык сапатка ээ. Ал заманда бул теманы ачык жазгандар чанда болгон. Низами ошол сүйүүсү менен өз доорундагы караңгылыкка, түркөйлүккө каршы чыккан. Ар бир ыры өзүнчө обонго айланып, бардык жерге таркап кеткен.

Куш уйку салып, тосолу таңды шапарда,
Улансын бул түш, ар түнү кайра жатаарда.
Төгүлсүн саамай,
Көздөрүң ээрип, өп мени.
Куюлсун шарап,
Кымсынба жаным кымсынба,
Ырларын уккун, Низами байкуш акындын,
Эшикти бирөө какылайт жаным, түк укпа..


"Азаттык": Низаминин өмүр чыгармачылыгын катуу изилдеген экенсиз, устатыңыздын туулган жерине бир бардыңыз беле?

Эгемберди Эрматов: Жакында эле Низами туулган Гянж шаарына барып келдим. Ал жерде күнү бүгүнкүчө күмбөзү турат. Ошол 700 жылдан бери бир канча жолу катуу жер титиреген экен. Бирок, күмбөз ошол бойдон. Бул да акындын касиетинен го.

Низами Гянжеви 1141-жылы бүткүл Чыгыштын маданий шаары Гянж шаарында төрөлгөн. Карапайым кол өнөрчүнүн уулу болгон. Чыныгы аты Абу Муххамед Ильяс ибн Юсуф. Низами араб тилинен которгондо “бермет шуру” же “куюлушкан сөз” деген маанини туюндурат. Биздин заманга анын 6 касыйдасы, 116 казалы, 30 рубайы, 4 кити жана беш поэмасы жеткен.
XS
SM
MD
LG