Египеттин президенти Мухаммед Мурси бийлик укугун кеңейткенге байланыштуу өлкөдө жаатташтык араздашуулары чыкты. Полиция жума күнү Каирдин Тахрир майданындагы демонстранттарды көздөн жаш агызчу газ колдонуп таркатты. Кечээ Порт Саид, Сеуц жана Александрия шаарларында нааразы топтор Мурсини өстүргөн “Мусулман агайындар” кыймылынын кеңселерине чабуул жасашты.
Демонстранттар президент Мурсини былтыркы ыңкылаптын жемишин пайдаланып, диктаторлук бийликке негиз түзүүдө деп айыпташууда. Декретти жаңы парламенттик шайлоого чейин эч кандай сот жокко чыгара албайт.
Мурси жана анын тарапкерлеринин айтышынча, бейшемби күнкү декрет ыңкылаптын максатына мурдагы президент Мубарактын колдоочулары бут тоспош үчүн керек.
Бул декретке БУУ, Евробиримдик жана АКШ тынчсыздануусун билдирген.