Ошто жана Аксыда жүргүзүлгөн рейддин натыйжасында Аксы районунун Кербен шаарчасынын “Кербен” базарынан алкогол ичимдиктерин өндүргөн көмүскө цех табылып, 366 бөтөлкө алкогол ичимдиги тартылып алынган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт.
Ошондой эле Ош шаарындагы “Бостон” базарынан 16 аталыштагы колго жасалган алкогол табылган. Мындан сырткары сапаты күмөндүү деп бир катар азыктар аныкталды.
Тартылып алынган ичимдик, азыктардын үлгүсү тиешелүү сапаттарын текшерүү үчүн экспертизага берилди. (МТо)