Бишкек шаарындагы №1318-шайлоо түйүнүндө бир катар мыйзам бузуулар катталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган аймакка байкоо салган “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Гүлзада Медралиева билдирди.
Г.Медралиева аны аймактык шайлоо комиссиясы саат 8.30дан түшкө чейин байкоочу катары каттабай турганын, катталгандан кийин көчмө добуш берүүдө кайсы бир партияга үгүт жүргүзүү аракеттери байкалганын айтат. Ошондой эле шайлоо урнасына көзөмөл баракчасы убагында салынбаганын белгилейт.
БШКдан болсо бул боюнча аталган коалициядан арыз түшкөнүн, ал каралып жатканын билдиришти. (МТо)