Мамлекеттик купуя сырды Кытайга сатты деп 14 жылга соттолгон орусиялык физик Валентин Данилов абактан мөөнөтүнөн эрте эркиндикке чыкты. Илимпоз Красноярск шаарындагы колонияда 8 жыл отурду. Данилов түрмөдөн чыгаары менен берген интервьюда өзүн "саясый туткун" деп эсептерин, анткени ал Кытайлык компанияга сателиттик технология тууралуу коомчулукка мурдатан белгилүү маалыматты бергенин айтты.
"Космос деген сөз менен байланыштуу бардык нерсе, атүгүл жердин тоголок экени да биздин коопсуздук кызматтарыбыздын көз карашынан алганда, жашыруун маалымат болуп саналат”,- деди 66 жаштагы физик. Ал өзүнүн эч кандай кылмыш жасабаганын даилдөө үчүн күрөшөөрүн да айтты.
Красноярск мамлекеттик университетинде иштеген Валентин Данилов 2001-жылы камакка алынып, 2004-жылы гана сот өкүмү чыккан.