Египеттин сот башчылары президент Мухаммед Мурсини өлкөнүн “көз карандысыз сот системасына теңдеши жок чабуул жасады” деп күнөөлөштү. Мындай билдирүүнү Жогорку Соттор кеңеши ишемби күнү жасады.
Мурси бейшемби күнү атайын жарлык менен бийлик укугун кеңейткен. Ага ылайык парламент жаңы Конституцияны кабыл алганча, аны эч бир сот тарката албайт. Буга каршы Александрия шаарынын соттору иш таштоо жарыялашты. Жума күнү Египетте он миңдеген адамдар көчө жүрүшүнө чыгышып, президент Мурсини диктаторлук башкарууну орнотууда деп күнөөлөштү.
Президент жана тарапкерлери Мохаммед Мурси былтыркы ыңкылаптын максатын Египетти 30 жыл бийлеген Хосни Мубарактын жактоочуларынан коргоо үчүн ушундай чарага барганын айтышууда.