Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:57

Жалал-Абадда 75 жергиликтүү кеңешке шайлоо жүрүүдө


Эртең менен саат сегизден тарта облустагы бардык шайлоо участоктору эшигин ачты. Жалал-Абад шаарынын мэри Бакыт Адылов 2399-шайлоо участогуна барып добуш берди. Ал эми 2098-участокто “Ата-Журт” партиясынын талапкери Эрмек Нуржанов өзүнүн фамилиясын тизмеден таппай калды. Участкалык шайлоо комиссиясы буга талапкердин өз убагында тизмеден өзүн тактабаганы себеп деген жыйынтык чыгарды.
Жалпы Жалал-Абад облусу боюнча бүгүн 7 шаардык, 68 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Добуш берүүнүн коопсуздугуна облус боюнча 900 милиционер, 4092 ыктыярчы көз салышууда. Жалпы облус боюнча 522 815 шайлоочу катталган.(YA:ZKo)

XS
SM
MD
LG