Экс-премьер-министр Аламүдүн районундагы Чокморов айлындагы 7197-шайлоо участогунан добуш берди. Ал журналисттерге шайлоо административдик ресурстарды колдонуу менен коштолуп жатканын билдирди. Бабанов буга кечээ №1150 шайлоо участогунда болгон окуяны мисал келтирди.
“Республика” партиясы тараткан маалымат боюнча, №1150 шайлоо участогунда үйдөн добуш берүүчүлөрдүн тизмесине бардыгы болуп 197 шайлоочу киргизилген. Текшере келгенде шайлоочулардын басымдуу бөлүгү өз арыздарында үйдө добуш берүүнүн себептери катары мыйзамда көрсөтүлбөгөн жагдайларды белгилешкендиги аныкталып, №1150 участкалык шайлоо комиссиясы өз чечими менен бул тизмеге туура эмес негизде киргизилген 136 шайлоочуну чыгарган эле. (ZKo)