Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

Бишкек мэри шаар келечеги үчүн добуш бергенин айтты


Иса Өмүркулов борбор калаанын келечеги жана туруктуулугу үчүн добуш бергенин журналисттерге билдирди. Ал Бишкек шаар кеңешине шаардыктарды алдабай турган, айтканын аткара турган партиялардын өкүлдөрү келишине кызыкдар. Мэр ошондой эле айрым партиялар добуш берүү аяктай электе эле элди митингдерге чакырып жатканын сындап, шаардыктарды чагымчылыкка алдырбоого чакырды.

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов КСДПнын өкүлү. Ал шаарды 2010-жылкы апрель окуясынан кийин жетектеп келе жатат.

Бишкек шаар кеңеши үчүн шайлоого жалаң саясий партиялар катышып жатат, ордо калаанын парламенти үчүн 23 партия ат салышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG