Добуш берүүгө көз салып жаткан “Таза шайлоо” ассоциациясынын башчысы Айнура Усупбекованын билдиргенине караганда Кара-Суу районундагы 27 шайлооканада мурдагы шайлоолордон калган түссүз маркировкалар колдонулуп жатат. Мындан тышкары Усупбекова шайлоочулар тизмеден өздөрүн таба албай калган учурлар көп байкалууда деп билдирди. Анын айтымында, үй комитеттеринин тигил же бул талапкердин кызыкчылыгы үчүн күжүрмөн иштегендиги бул шайлоодогу жаңы көрүнүш катары катталды.
Ошондой эле добуш берүүгө ар бир саясий партиядан бештен кем эмес байкоочу көз салып, президенттик, парламенттик шайлоо учуруна салыштырмалуу өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Бишкек шаар кеңешине талапкердигин 23 саясий партия коюп жатат. Жергиликтүү кеңештерге жергиликтүү байкоочулардан тышкары эл аралык 17 уюм көз салууда. (TTo/BuS)