Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:47

Жалал-Абадда тизмеде жоктор добуш бере албай калууда

Байкоочу Райкан Каримова Жалал-Абаддагы үч кошунасы чакыруу барагы
барбагандыктан, ал эми Сузак районундагы Таш-Булак айылына караштуу
аймакта жашаган 20-30 чакты адам тизмеде жоктугунан добуш бере албаганын билдирди. Тизмеде жоктугунан он адамдын добуш бере албаганын
"Ак шумкар" партиясынын №2098- шайлоо бекетиндеги байкоочусу
тастыктады. "Замандаш" партиясынын байкоочусу 2-3-жолу кайталап
добуш бергендер болгондугун айтууда. "Ата-Журт" партиясынын байкоочусу
Нышанбай Абдрашитов шайлоочулардын сол эмес, оң бармагына белги коюлуп
жаткандыгын, "Ата Мекен" партиясынын атын атабаган байкоочусу белгилерди
аныктоочу жабдуулар жок экендигин билдирди.(YA)
XS
SM
MD
LG