Учурда 144 шайлоо участкасында добуш берүү жүрүп жатат. Облус боюнча 136 миңден ашуун шайлоочу бар. Акыркы сааттарга алынган маалымат боюнча, 15 пайыз шайлоочу добуш берди. БШКнын Нарын боюнча өкүлчүлүгүнө Ат-Башы районунун аймактык шайлоо комиссиясына 1437 ашык бюллетен келип түшкөндүгү боюнча “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” коомдук бирикмесинин Нарын өкүлчүлүгү арыз менен кайрылган. Азыр териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу БШКнын Нарын өкүлчүлүгүнөн Алмаз Аскаров билдирди. Байкоочулардын айтымында, азырынча маркерлер жукпай калуу, шайлоочулар тизмесин таппай калуу сыяктуу кемчиликтер бар. Бирок одоно мыйзам бузуу каттала элек. БШКнын Нарын өкүлчүлүгүнө партиялардан мыйзам бузулду деп оозеки гана даттануулар түшүп жатат.(ZKo)