Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Кытай биринчи согуштук учагын сынактан өткөрдү


Кытай өндүрүшчүлөрү жасаган биринчи согуштук учак сыноодон ийгиликтүү өттү. Коргоо министрлигинин билдиришинче, “Шэньян J-15” машыгуудан соң "Ляонин" (Liaoning) согуштук кемесинин палубасына конду.

“J-15” орустардын “Su-33” учагынын негизинде жасалган. “Ляонин” кемеси 1998-жылы Украинадан металлоломдун баасында сатып алынган жана курулуп бүтө элек мурдагы советтик крейсер “Варяг”.

"Ляонин" узак оңдоодо болуп, модернизацияланып, эки ай илгери гана пайдаланууга берилген. Согуштук учактарды кемеге кондуруу Кытай деңиз флотунун кубатын арттырат. Кытай ушул тапта Жапония, Вьетнам, Филиппин жана башка мамлекеттер менен территория талашууда.

XS
SM
MD
LG