Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:28

Мурдагы өкмөттүн эки жылдык “Өнүктүрүү программасы” жокко чыгарылды


Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жетекчилиги менен кабыл алынган “2012-2014-жылдарга карата өлкөнүн орто мөөнөттүү өнүктүрүү программасын” артка чакыртып алуу боюнча токтомго өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Өкмөттүн сайтындагы маалыматка ылайык, программанын жокко чыгарылуусуна бир нече себептер, анын ичинде парламенттин айрым комитеттеринин программаны бекитүүгө каршы болгону да бар. Мындан тышкары 2012-2014-жылдарга карата Өнүктүрүү программасын кайра иштеп, парламенттин сунуштарын эске алуу менен толуктоону талап кылат деп айтылат маалыматта.

“2012-2014-жылдарга карата өлкөнүн орто мөөнөттүү өнүктүрүү программасы” быйыл 12-апрелде ошол убактагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун буйругу менен бекитилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG