Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:14

Жалал-Абад: Милиция эки мыйзам бузуу фактысын каттады

Облустук милициянын маалыматы боюнча, Сузак районунда 2911-шайлоо участогунда шайлоочу он даана бюллетен таштоого аракет кылган жеринен кармалса, Жалал-Абад шаарынын курорттук аймагында ноокендик тургун тизмеде каттоосу жок туруп, добуш берүүгө аракет кылган. Облустук милиция башчысы Малик Нурдиновдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, элди унаалар менен ташып, “айлампа” иретинде кайра-кайра добуш бердирүү аракеттери милиция тарабынан жокко чыгарылууда.

Жалпы Жалал-Абад облусу боюнча бүгүн 7 шаардык, 68 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Добуш берүүнүн коопсуздугуна облус боюнча 900 милиционер, 4092 ыктыярчы көз салышууда.(ZKo)
Куржундар
​
XS
SM
MD
LG