Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Ысык-Көлдө добуш берүү кагазы жоголду


Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылдык кеңешинин 3018-шайлоо участогунан 95 добуш берүү кагазы жоголгон. Бул боюнча жергиликтүү прокуратурага кабарланганын участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Уларбек Жылкыбаев “Азаттыкка” билдирди. Ысык-Көл облустук милиция башчысы Мырзабек Исмаилов бул факты боюнча акт түзүлгөнүн билдирип, андан башка олуттуу мыйзам бузуулар катталбаганын маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG