Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:36

Аба ырайы: Эртең Кыргызстанда күн ачык болот


Синоптиктердин билдиргени боюнча, 26-ноябрда жаан-чачын болбойт, шамалдын ылдамдыгы секундасына 6 метрге чейин жетип, багыты өзгөрүп турат. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4..-9 градуска төмөндөп, күндүзү 0..5 градуска чейин көтөрүлөт. Талас облусунда түнкүсүн -7..-12 градус суук, күндүзү 0..5 градуска жылыйт. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1..-6 суук, күндүзү 2..8 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн -3..-8, күндүзү -2..3 градуска чейин көтөрүлөт. Тоолуу Нарында түнкүсүн -13..18, күндүзү 0..-5 градус суук болот. Суусамыр өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн -25..-30, күндүзү -7..-12 градуска чейин төмөндөйт. Тоолордо түнкүсүн -20..-25, күндүзү -10..-15 градус суук болот.

Эртең Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -6..-8, күндүзү -2..-4 градуска түшөт.

XS
SM
MD
LG