Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Нарында бир партиянын өкүлү арак таратып жаткан жеринен кармалды


Нарын шаарындагы 4080-участогуна жакын жайгашкан жердеги автоунаада арак таратылып жатат деген маалыматты облустук ИИБ жана БШКнын облустагы өкүлү, байкоочулардан турган топ тастыктады. Текшерүү учурунда автоунаадан бир жащик арак жана “Мекен ынтымагы” партиясына таандык үгүт материалдары табылган. Автоунаанын ээси өзүнүн бул партияга эч кандай тиешеси жоктугун билдирүүдө. "Мекен ынтымагы" партиясынын Нарын облусундагы өкүлү Нурлан Максуталиевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, арак тараткан унаанын партияга эч кандай тиешеси жок. Бул факт боюнча акт түзүлүп, азыр иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле Нарын ИИБинин башчысы Таалай Нуралиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Ат-Башы районундагы шайлоо участкаларына алып келинген бюллетендердин саны такталууда. Анын айтуусунда эки акт бар, бирөөсүндө 32 миң 179, экинчисинде 30887 шайлоочу бар деп жазылган. Бул маселе боюнча Акыйкатчынын облустагы өкүлчүлүгүнө арыз түшүп, алар милицияга кайрылышкан. Учурда ашыкча бюллетендер бар-жогу иликтенүүдө.(TSh;ZKo)

 

XS
SM
MD
LG