БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун атайын кайрылуусунда: ”Дүйнөдө миллиондогон аялдар менен кыздарга кол салынат, токмоктолот, зордукталат, майып болот, атүгүл өлтүрүлөт. Бул алардын укуктарын кордоп-бузуу” деди. Баш катчы ошондой эле эл аралык коомчулукту аялдарга зобун-зордук көрсөтүүгө каршы чечкиндүү аракеттенүүгө үндөдү. Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана укуктарын кеңейтүү мекемеси аялдарга үй-бүлөдө зордук-зомбулук көрсөтүү 125 мамлекетте жазаланаарын, дүйнөдө 10 аялдын жетөөсү физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылаарын жана 603 миллион аял үй-бүлөдөгү зомбулук "кылмыш" деп саналбаган өлкөлөрдө жашаарын белгилеген.