Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Сарпашев: Административдик басым болуп жатат деген айыптоо негизсиз


Вице-премьер-министр бүгүнкү жергиликтүү шайлоого бийликтеги беш партия тең катышып жатканын белгилеп, административдик басым болуп жатат деп көбүрөөк айтып жаткан “Республика” партиясынын бийликте өкүлдөрү арбындыгын журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, аталган партиянын мүчөлөрү эки облуста өкмөттүн өкүлү катары иштейт, 2 шаардын мэри, 23 райондун акими да “Республика” партиясынан.

Сарпашев азырынча айыптоолордун баары сөз жүзүндө жана негизсиз болуп жатканын кошумчалап, айрым саясий партиялардын бүгүнкү шайлоодо административдик ресурс колдонулду деген айыптоолору эртеңки күнү айтуу үчүн алдын ала билдирүүсү деген пикирин айтты. Вице-премьер-министр кандай болгон күндө да бүгүн айтылган бардык арыз-дооматтар эртең текшерилерин белгиледи.

Бүгүн Кыргызстанда 25 шаардык жана 416 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG