Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:35

Жалал-Абад: Акыйкатчынын өкүлү шайлоо укуктары сакталбаганына нааразы


Акыйкатчынын обустагы өкүлү Алима Аманова өткөндөгү шайлоолордон сабак албагандыктан мурдагыдай эле кемчиликтерди кетирип, жергиликтүү бийликтер менен БШК бу жолу да жарандардын шайлоо укугун жүз пайыз камсыз кыла албагандыгын белгиледи. Анын айтымында, өкүлчүлүктүн кызматкерлери Жалал-Абадда бир саат байкоо жүргүзгөн учурунда өздөрүн тизмеден таба алышпаган 27 адамдын, Сузак районунан 49 адамдын добуш бере албаганына күбө болушту. Аманованын айтымында, жабык добуш берүү укугу да камсыздалган эмес. Көпчүлүк шайлоочулар шайлоого чакырык кагаздарын алган эмес.

Жалал-Абад облусу боюнча бүгүн 7 шаардык, 68 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Добуш берүүнүн коопсуздугуна облус боюнча 900 милиционер, 4092 ыктыярчы көз салышууда.

Жалпы облус боюнча 522 815 шайлоочу катталган. (YA)

XS
SM
MD
LG