Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Сирияда козголоңчулар аскерий аэродромду басып алышканы кабарланууда


Борбор калаа Дамасктын чыгышындагы Марж ас-Султан аскерий аэродромду басып алышканын сириялык козголоңчулар өздөрү маалымдашты. Укук коргоочулардын айтымында, аэродромду алуу учурунда “Сириялык эркин армиянын” 5 аскери окко учту. Жекшемби күнү Сирияда жалпысынан 20 адам набыт болгону айтылууда.

Ар арада качкындар үчүн Ирактын Сирия менен чектеш аймагында дагы бир лагерь ачыла турган болду. Ирактагы сириялык качкындардын саны буга чейин отуз миңге жеткени кабарланган.

Сириядагы согуштук аймактарга чет элдик журналисттерге кирүүгө тыюу салынгандыктан маалымат алуу кыйындады.

XS
SM
MD
LG