Бул тууралуу “Азаттыкка” Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Канайым Сайдалиева кабарлады. Анын айтымында, №6108 бекеттен 102 шайлоо бюлеттени жоголгон. Бир канча мүнөттөн кийин бекеттин ажатканасынан бир нече бюллетен табылган. Аталган факты боюнча акт түзүлүп тиешелүү мекемелерге жөнөтүлдү.
Бул маалыматты “Таза шайлоо” бирикмесининин байкоочусу Айжамал Канаева дагы тастыктап, жоголгон бюллетендерге "Замандаш-Современник" партиясына добуш берген белги коюлганын билдирди. Ошондой эле бекетте шайлоо убактысы бүтүп жабылгандан кийин 2 ирет электр жарыгы өчүрүлгөн.
Талас шаарында бардыгы болуп 14179 шайлоочу катталып, 10 шайлоо бекети ачылган. (MbA)