Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:01

Египеттеги кагылыштан “Мусулман агаиндер” кыймылынын мүчөсү мерт болду


Каирден түшкөн кабарларга караганда, президент Мохаммед Мурсинин каршылаштары менен аны жактаган “Мусулман агаиндер” кыймылынын тарапкерлери Даманхур шаарында кагылышкан.

“Мусулман агаиндер” кыймылына караштуу кеңсе сыртындагы кагылыштан бир адам өлүп, бир нече киши жаракат алган.

Бул - Египетте президент Мурси өз ыйгарым укуктарын кеңейткен жардык чыгарган өткөн бейшембиден тарта тутанган нааразылык акциялар учурундагы алгачкы жоготуу. Реформачыл күчтөр президентти өзүнө диктатордук бийликти ыйгарып алганы үчүн айыпташууда.

Бүгүн Мурси кризисти жөндөө аракетинде Жогорку соттун судьялары менен кездешкен жатат. Соттор Мурсини жардыгын кайра артка алууга чакырышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG