Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:17

Шайлоо: бийлик партиясы алдыда


БШКнын “ГАС-Шайлоо” автоматтык системасынын алгачкы маалыматтары боюнча бийликтеги СДПК Шопоковдо 57,76%, Айдаркенде 53,82%, Кара-Суу шаарында 56,45% добуш алып, жеңишке жетишти.
Оппозициядагы “Республика” партиясы Таласта 41,88%, Ноокат шаарында 41,55%, Орловкада 35,3%, Чолпон-Атада 18,65% добуш менен алдыга чыкты. Оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Сүлүктүдө 35,33%, Кадамжайда 32,18% добуш менен алдыда, “Ата Журт” партиясы Майлуу-Суу шаарында 43,54%, Кочкор-Ата шаарында 18,36% добуш менен атаандаштарынан алдыга чыкты. Жаңы куралган “Өнүгүү” партиясы Жалал-Абад шаарында 35,19%, Кара-Көл шаарында 29,07%, менен озуп чыкса, “Замандаш” партиясы Баткенде 21,57%, Кербен шаарында 23,78% менен добуштардын көпчүлүгүн алды. Коммунисттер партиясы Көк-Жаңгак шаарында 40,712%, “Ак шумкар” партиясы Кара-Балта шаарында 26,06% добуш менен алдыга чыгышты.

25-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун расмий жыйынтыгы азырынча чыгарыла элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG