Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Алдыдагы беш жылдын Экономикалык өнүгүү картасы даярдалды


Экономикалык өнүгүү картасы кийинки жума аягында коомчулукка тартууланат. Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кечээ шайлоодо добуш бергенден кийин журналисттерге билдирди:
-Мага ишенгиле, мамлекет экономикалык жагынан да өнүгөт. Бир эле мисал: Кыргызстан экономикалык жактан Кумтөргө көз каранды, бирок болочокто биз мындан кетишибиз керек. Бир ишканага көз каранды болбошубуз керек.

Атамбаев күчтүү экономикасы менен чыныгы көз каранды өлкөнү куруу үчүн туруктуулук зарылдыгын кошумчалады.

Кечээ премьер-министрдин токтому менен мурунку өкмөттүн “2012-2014-жылдарга карата өнүктүрүү программасы” жокко чыгарылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG