Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” билдирди. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрация жетекчиси Медет Садыркуловдун жана анын айдоочусу Кубат Сулаймановдун, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун өлүмүнө байланыштуу он кишиге: ИИМдин, чек ара жана мамлекеттик коргоо кызматтарынын мурдагы кызматкерлерине жана уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрүнө айып тагылууда. Алардын арасында мурдагы президенттин иниси, ошол кездеги Күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиев да бар. Бул ишти тергеген Бишкектеги гарнизондук аскер соту бүгүн өкүмүн жарыялат.(ZKo)