Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызгаз” ишканасынын маалымат катчысы Жайнагүл Максимова билдирди. Ага ылайык, Өзбекстанда газ чыккан жерде басым азайгандыктан “Казтрансгаз” ишканасы Кыргызстанга көгүлтүр отту аз бере баштады. Кыргызстандын бир сааттык керектөөсү 55 миң куб метр болсо, азыр 41 миң куб метр гана алып жатат. Ушундан улам Бишкек, Токмок жана Кант шаарларында айрым өнөр жай ишканаларында жана кээ бир райондор газы жок калды. "Бул маселе качан чечилери белгисиз, учурда “Кыргызгаз” казак жана өзбек тарап менен сүйлөшүп жатат", - Максимова. (EBM)