Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

Салянова: Мадылбеков жана Төлөгөнов боюнча шашылыш чечим кабыл алынган


Башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” партиясынын депутаттары: Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Туратбек Мадылбеков жана Райкан Төлөгөновго козголгон кылмыш иштин кыскартылышы тууралуу бүгүн маалымат жыйында комментарий берди. Ага ылайык, учурда Башкы прокуратура Ички иштер министрлигинин бул ишти кыскартуу тууралуу чечимин иликтеп жатат. Бирок алдын ала маалымат боюнча, Мадылбеков менен Төлөгөновго байланыштуу жагдайлар толук жана сапаттуу иликтенген эмес жана бул эки депутатка карата ишти токтотуу чечими эрте кабыл алынган.

ИИМ “атамекенчи” депутаттардын иши кыскартылганын 14-ноябрда билдирген.

Убактылуу кармоочу жайда отурган Абдулла Юсупов 7-апрелден кийинки талап-тоноолорго аталган депутаттардын тиешеси бар деп билдирүү жасаган. Анын негизинде Башкы прокуратура 22-августта кылмыш ишин козгоп, ИИМ тарабынан 246 киши суралган. (EBM)

XS
SM
MD
LG