Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Башкы прокуратура: кыйноо боюнча арыздануу көбөйдү


Убактылуу кармоочу жайларда, тергөө абактарда кыйноо жана ырайымсыз мамиле тууралуу прокуратура органдарына быйыл 304 кайрылуу түшкөн. Былтыр мындай арыздын саны 166 гана болчу. Келген доо-арыздардын негизинде 25 кылмыш иш козголуп, анын 12си сотко өттү.

Былтыр прокуратура убактылуу кармоочу жайларда, тергөө абактарда, тергөөчүлөрдүн жана милициянын оперативдүү кызматкерлеринин иш бөлмөсүндө 900гө жакын күтүүсүз текшерүү жүргүзгөн. Быйыл мындай текшерүү эки эсе күчөгөн. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында башкы прокурор Аида Салянова билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG