Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Эхуд Барак саясаттан кетээрин жарыялады


Эхуд Барак
Эхуд Барак
Израилдин коргоо министри Эхуд Барак январдагы шайлоодон кийин жаңы өкмөт куралаар замат кызматын тапшырып, саясаттан биротоло кетээрин бүгүн жарыялады. Израиль өкмөтүндөгү таасирдүү өкүлдүн бул кадамы көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Байкоочулар Барактын отставкасына Израиль-ХАМАСтын Газа секторундагы от атышуудан кийинки жарашуу себеп болгонун айтышат. Израиль-ХАМАС тиреши сегиз күнгө созулуп, 150дөн ашуун палестиналык жана алты израилдик набыт болгон эле.

Эхуд Барак израилдик аскерий жана саясий ишмер, азыр өлкөнүн коргоо министри. Ал буга чейин “Авода” партиясын жетектеген, эки жыл премьер-министрлик кызматты аркалаган. 2011-жылдан бери “Ацмаут” партиясын жетектейт.

XS
SM
MD
LG